03 фев 2019

КЕЧИР БУРУЛАЙ.

Мырзайым Айтимбетова
1:47
1 КОММЕНТАРИЙ
КУРМАНБЕК Ниязбеков
КУРМАНБЕК Ниязбеков
Ырды ар ким өз деңгээлине жараша окуп, кабыл алып боюна сиңирип, айрымдар аш кыла албай баш казандары кыйналып, мээси чыңалып жатат. Кээ бирөөлөр жөн эле куру намыска салып социалдык тармактан баатыр болуп оюна келгенди жазганына айла жок ичиңден ии дейсиң да. А чыныгы жашоодо ошол адамдарды оозунан сөздү сууруп сүйлөтө албайсың. Интернетте аябай өзүн мекенчил көрсөткөндөр реалдуу турмушта өлкөгө кымындай пайда келтирбеген зыянкечтер же куру кыял менен гана күнүмдүк жашоосун өткөндөр. Эми ырга анализ жүргүзүп көрөлү. Бешинчи куплеттин төртүнчү сабында «Бурулайдын жанын алган бир эриңер.» - деген сап баарын так даана айтып турбайбы. Дагы эмне керек? Андан ары жетинчи куплетте «Бир кумалак баарыңарды чириткени.» - деп ырдын жалпы мазмуну камтылып турат. Демек бир эркек пенденин айынан бүтүндөй кыргыз мырзаларына көө жабылды. Чын чычалайт болуп кээ бир эркектер ырдын маанисин түшүнүп түшүнбөй чыныгы жигитчиликке жатпаган сөздөрдү жазганы менин кыжырыма тийди. ООБА, МЕН МЫРЗАЙЫМДЫН ЖОЛДОШУ БОЛОМ. Менин дарегиме да жазгандар бар экен. Мырзайымдын атасы, агасы, жолдошу жок бекен деп. Кудайга шүгүр бүт баары бар. Бирок бул ыр жалпы эркектерге эмес, айрым жигитчиликке туура келбеген, аял затын сыйлай албагандар үчүн жазылган. Деги эле намыстуу болуп кеткендерин! Анчалык намыстуу, мекенчил экенсиңер өлкөгө бир пайдалуу, көзгө көрүнүктүү иш кылгыла. Азыр мамлекетибизде чек ара маселеси курчуп турат ошого кол кабыш кылгыла, коррупция гүлдөп жатат, бетин ачууга жардам бергиле. Виртуалдык дүйнөдө акылдуу болбой. Мен бирөөнүн үй-бүлөсүнө мурдумду тыкпайм, менин үй-бүлөмө негизсиз кийлигишкендерге өзүнө жараша жообун берем. Ата-жотосуна асылбайм, арбагы урат. Былжырап ар кайсыны жаза бергениңерди токтоткула!
Раскадровка
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.
КЕЧИР БУРУЛАЙ.